526-берене. Камакта кармоонун мөөнөттөрүн эсептөө
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
XV БӨЛҮМ›60-глава. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн же өкүмдү аткаруу үчүн адамды өткөрүп берүү
1. Бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо колдонулган, өткөрүп берилген (экстрадицияланган) адамга карата мөөнөттүн башталышы ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып эсептелет.
2. Кыргыз Республикасына берилүүчү адамды чет мамлекеттин аймагында кармоонун жана камакта кармоонун, ошондой эле аны этап кылуу убактысы жаза дайындоодо аны камакка алуунун жалпы мөөнөтүнө кошуп эсептелет.
3. Убактылуу өткөрүп берүү (экстрадиция) мезгилинде адамды Кыргыз Республикасынын аймагында камакта кармоо убактысы Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмү боюнча дайындалган жазаны өтөө мөөнөтүнө эсептелбейт.