487-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө келип түшкөн иш боюнча прокурордун чечимдери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

XI БӨЛҮМ. ӨКҮМДҮ АТКАРУУ›55-глава. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

1. Сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин тергөөчү ишти сотко жиберүү тууралуу токтомду чыгарат.

2. Ишти сотко жиберүү тууралуу токтомго тиркеме ушул Кодекстин 256-беренесинин эрежелери боюнча түзүлөт.

3. Тергөөчү ишти аны сотко жиберүү тууралуу токтом менен кошо прокурорго берет, ал төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат;

1) тергөөчүнүн токтомун бекитет жана ишти сотко жиберет;

2) сотко чейинки өндүрүштө жол берилген кемчилдиктерди жоюу үчүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен ишти тергөөчүгө кайтарып берет;

3) ишти кыскартат.

4. Ишти сотко жиберүү тууралуу токтомдун көчүрмөсү тийиштүү адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн анын мыйзамдуу өкүлүнө жана адвокатына тапшырылат.