480-берене. Соттун тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуусу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

XI БӨЛҮМ. ӨКҮМДҮ АТКАРУУ›54-глава. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби

1. Эгерде коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча мындай кылмышты жасаган бала тарбиялык мүнөздөгү чараны колдонуу менен оңолушу мүмкүн экендиги таанылса, сот баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотот жана ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 16-главасында каралган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга укуктуу.

2. Тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошоткон учурда сот бул тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет жана ага баланын жүрүм-турумун контролдоону тапшырат.

3. Дайындалган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасында каралган шарттарды бала системалуу түрдө бузган учурда, сот балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мындай чараны тарбиялык мүнөздөгү катаалыраак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жазаны колдонуу жөнүндө маселени чечет жана иш ушул Кодекстин ченемдерине ылайык каралат.