473-берене. Милдеттенмелерди жүктөө


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

XI БӨЛҮМ. ӨКҮМДҮ АТКАРУУ›54-глава. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби

1. Келишимде белгиленген мөөнөттө балага төмөнкүлөргө тыюу салынышы мүмкүн:

1) айрым жерлерге барууга;

2) жашаган жерин өзгөртүүгө;

3) белгилүү бир убакытка чейин үйдөн кетүүгө;

4) айрым адамдар менен баарлашуудан алыс болууга;

5) эс алуунун айрым түрлөрүн колдонууга;

6) анын кайра социалдашуусуна тоскоол болгон бардык башка аракеттерге.

2. Бала келишимде белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен билим берүү мекемесинде окууну баштоого же улантууга;

2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен ишке орношууга;

3) билим берүү программасынан жана (же) медициналык дарылоо программасынан өтүүгө;

4) бош убакытты белгилүү бир тартипте пайдаланууга;

5) анын кайра социалдашуусуна жана кылмышты кайрадан жасоого жол бербөөгө өбөлгө түзгөн башка милдеттенмелерди аткарууга.

Баланын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүү анын ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга, балдар иштери боюнча комиссияга, ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, пробация, ишке орноштуруу органдарына, балдарды коргоо боюнча органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүктөлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)