453-берене. Өндүрүштү кайра баштоонун мөөнөттөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

XI БӨЛҮМ. ӨКҮМДҮ АТКАРУУ›53-глава. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо тартиби

1. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча айыптоо өкүмү соттолгон адамдын пайдасына кайра кароо эч кандай мөөнөттөр менен чектелбейт.

2. Соттолгон адамдын өлүмү аны реабилитациялоо максатында жаңы же кайтадан ачылган жагдайлардан улам иш боюнча өндүрүштү кайра баштоого тоскоолдук болуп эсептелбейт.

3. Актоо өкүмүн, аныктаманы, ишти кыскартуу жөнүндө токтомду кайра кароого, ошондой эле айыптоо өкүмүн жазанын жеңилдигине же болбосо аракетти оордотуу жагына кайра квалификациялоонун зарылдыгына байланыштуу кайра кароого жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөттөрүнүн ичинде гана, ушул Кодекстин 27-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар аныкталган күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен жол берилет.

4. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар аныкталган күн болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

1) ушул Кодекстин 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга карата өкүм, аныктама, токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күн;

2) ушул иште колдонулган мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны же болбосо алардын бөлүгүн конституциялык эмес жана Конституцияга каршы келет деп таануу жөнүндө Конституциялык соттун чечими күчүнө кирген күн;

3) компетенциясы Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган эл аралык органдын адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери бузулгандыгы жөнүндө чечими күчүнө кирген күн;

4) соттолгон, акталган, жабырлануучу же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат, ошондой эле прокурор ушул Кодекстин 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурда иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өндүрүштү кайра баштоо жөнүндө өтүнүч берген күн;

5) ушул Кодекстин 451-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жаңы жагдайлар боюнча сот тарабынан өндүрүш козголгон күн.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)