436-берене. Пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
XI БӨЛҮМ. ӨКҮМДҮ АТКАРУУ›50-глава. Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди кароо жана чечүү боюнча өндүрүш
1. Эгерде пробациялык мөөнөттүн ичинде соттолгон адам өзүнө жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди аткарса жана жаңы кылмыш жасабаса, ал пробациялык көзөмөлдөн өткөн болуп эсептелет.
2. Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот пробация органынын сунушу боюнча соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай жокко чыгара же болбосо толуктай алат.
3. Эгерде соттолгон бир жыл ичинде эки же андан көп жолу жүйөлүү себептерсиз өзүнө жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди аткарууну бузса, анда сот пробация органынын сунушу боюнча пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жана аны дайындалган жазаны өтөө үчүн жөнөтүү тууралуу соттук отурумун дайындайт. Мында сот соттолгондун келүүсүн камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү чараларды көрүүгө тийиш.