427-берене. Биринчи инстанциядагы соттун токтомун, тергөө судьясынын токтомун аткарууга алуу
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
XI БӨЛҮМ. ӨКҮМДҮ АТКАРУУ›49-глава. Өкүмдү, аныктаманы жана токтомду аткаруу
1. Биринчи инстанциядагы соттун токтому, тергөө судьясынын токтому кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат жана ушул Кодексте каралган учурларда даттанылышы мүмкүн.
2. Иш боюнча сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө кабыл алынган ишти кыскартуу жөнүндө соттун токтому айыпталуучуну камактан бошотууга тийиштүү болгон бөлүгүндө токтоосуз түрдө аткарылууга тийиш.