411-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун отурумун дайындоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ›47-глава. Соттун чечимдерине даттануулар жана сунуштар боюнча иштерди апелляциялык тартипте кароо
1. Иш апелляциялык даттануу же сунуш менен келип түшкөндө судья-баяндамачы апелляциялык инстанцияга кылмыш иши келип түшкөн күндөн тартып 14 күндөн кечиктирбестен соттун отурумун дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, анын убактысы жана өтүүчү жери тууралуу тараптарга ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча кабарлайт.
2. Эгерде ишти иликтөөдө биринчи инстанциядагы сот тарабынан ушул Кодекстин 404 жана 406-беренелеринин талаптары аткарылбагандыгы аныкталса, судья-баяндамачы апелляциялык инстанциядагы сотто ошол ишти кароодо тоскоолдук жараткан жагдайларды жоюу үчүн ишти ошол сотко кайтарып берет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)