359-берене. Айыпталуучуну камактан бошотуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ›44-глава. Өкүмдү чыгаруу жана жарыя кылуу

Айыпталуучу акталганда, ошондой эле жазаны белгилебестен же жазаны өтөөдөн бошотуу, же пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу, же эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, же эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазага соттоо, же өндүрүш тарабынан кылмыш ишин токтотуу менен айыптоо өкүмү чыкканда, камакка алынган айыпталуучу соттун өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сот тарабынан кагаз жүзүндө же электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу электрондук түрдө кол коюлган сот өкүмүнүн резолюциялык бөлүгүнүн негизинде сот залында же болбосо жаза-аткаруу тутумунун мекемесинен, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак изоляторунан, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарынан (гарнизондук гауптвахталардан) токтоосуз бошотулууга тийиш. Айыпталуучуга карата камакка алууга байланышпаган бөгөт коюу чарасы тандалат

(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)