356-берене. Актоо өкүмүнүн корутунду бөлүгү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ›44-глава. Өкүмдү чыгаруу жана жарыя кылуу
Актоо өкүмүнүн корутунду бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) айыпталуучунун фамилиясы, аты жана атасынын аты;
2) айыпталуучуну күнөөсүз деп табуу жөнүндө чечим жана аны актоонун негиздери;
3) эгерде колдонулган болсо, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө чечим;
31) эгерде колдонулган болсо, кызмат ордунан убактылуу четтетүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим;
4) мүлктү конфискациялоону камсыз кылуу чараларын, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу чараларын жокко чыгаруу жөнүндө чечим, эгерде мындай чаралар кабыл алынган болсо;
5) кылмыш куугунтуктоосу менен байланышкан зыяндын ордун толтуруунун тартибине түшүндүрмө.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)