302-берене. Соттук отурумда ишти кыскартуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ›41-глава. Соттук териштирүүнүн жалпы шарттары

Эгерде соттук териштирүү учурунда ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3–14-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталса, ушул Кодекстин 27-беренесинин 4 жана 7-бөлүктөрүндө белгиленген жагдайлар болбогон шартта иш соттук отурумда кыскартылууга тийиш.

Иш боюнча өндүрүш кыскартылганда судья бөгөт коюу чарасын жана башка кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын, анын ичинде кызмат ордунан убактылуу четтетүүнү, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну жана мүлктү конфискациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды жокко чыгарат жана буюмдук далилдер жөнүндө маселени чечет.

Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө судьянын токтомунун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт, ошондой эле бир эле убакта кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жак жана жабырлануучу билдирилет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)