263-берене. Кылмыш ишин бекитилген айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
VII БӨЛҮМ›36-глава. Айыптоо актысы менен келип түшкөн иш боюнча прокурордун аракеттери жана чечимдери
1. Айыптоо актысы бекитилгенден кийин прокурор айыпталуучуга айыптоо актысынын көчүрмөсүн тапшырууну камсыз кылат. Айыптоо актысынын көчүрмөсү, эгерде ал бул тууралуу өтүнүч берсе, жабырлануучуга да тапшырылат. Айыптоо актысынын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө айыпталуучунун жана жабырлануучунун тил каты ишке тиркелет.
2. Прокурор ишти сотко бекитилген айыптоо актысы менен кошо камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун 5 күндүк мөөнөтү бүткөнгө чейин жөнөтөт, бир эле мезгилде бул жөнүндө айыпталуучуга, адвокатка, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө кабарландырат.