257-берене. Кылмыш ишин кыскартууга карата негиздер
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VII БӨЛҮМ›35-глава. Ишти кыскартуу
1. Кылмыш иши ушул Кодекстин 27-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, ушул Кодекстин 27-беренесинин 3 жана 7-бөлүктөрүндө белгиленген жагдайлар жок болгон шартта тергөөчү тарабынан кыскартылат. Тергөөчү ишти кыскартуу жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизет, анда токтом автоматтык түрдө генерацияланат.
2. Реабилитациялык негиздер боюнча иш кыскартылган учурда, тергөөчү адамды реабилитациялоо жана мыйзамсыз кармоо же камакка алуунун жыйынтыгында ага келтирилген мүлктүк залалдын ордун толтуруу боюнча мыйзамда каралган чараларды көрөт.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259, 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)