249-берене. Токтотулган тергөөнү кайра баштоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VII БӨЛҮМ›33-глава. Тергөөнү токтотуу жана кайра баштоо
1. Токтотуу үчүн негиздер жоюлгандан кийин токтотулган тергөө прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн жүйөлөштүрүлгөн токтому менен кайра башталат.
2. Тергөөчүнүн токтотуу жөнүндө токтомун жокко чыгарууга байланыштуу токтотулган тергөө прокурордун жүйөлөштүрүлгөн токтому менен да кайра башталышы мүмкүн.
3. Тергөөнүн кайра башталышы жөнүндө шектүүгө, айыпталуучуга жана адвокатка, ошондой эле жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирилет.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Кайра баштоо жөнүндө маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)