Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ›21-глава. Тергөө жүргүзүүнүн жалпы шарттары

Кылмыш иштери боюнча тергөө ушул Кодексте аныкталган тергөөнүн караштуулугуна ылайык аскердик прокуратура, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын, жаза-аткаруу тутумунун, бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149, 2024-жылдын 3-июлундагы № 112 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)