152-берене. Жасалган кылмыштын фактысы боюнча алгачкы текшерүү органынын аракеттери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ›20-глава. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жана тартиби

Жасалган кылмыштын фактысы боюнча алгачкы текшерүү органы окуя болгон жерди кайтаруу, кылмыш издерин сактоо боюнча зарыл чараларды көрөт, ошондой эле кылмыш жасаган адамды табуу, уурдалган мүлктү издеп табуу, далил катарында пайдаланылышы мүмкүн болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо максатында изин суутпай издөө иштерин жана кечиктирилгис аракеттерди жүзөгө ашырат, ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган тартипте сурак жүргүзөт.

(КР 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)