128-берене. Кармалган же камакка алынган адамдардын даттанууларын жөнөтүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ›16-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын аракеттерине жана чечимдерине даттануу
1. Камакта кармоочу жайдын администрациясы кылмыш жасады деген шектенүү боюнча кармалган же камакта жаткан адамдардын даттанууларын тергөө бөлүмүнүн жетекчисине, тергөөчүгө, прокурорго, сотко токтоосуз берүүгө милдеттүү.
2. Камакта кармоочу жайдын администрациясы камакка алынган же камакта жаткан адамдардын алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин, тергөөчүнүн аракеттерине карата кыйноолор жөнүндө даттанууларын 12 сааттан кечиктирбестен прокурорго же сотко, ал эми прокурордун аракеттерине жана чечимдерине даттанууларды – жогору турган прокурорго өткөрүп берүүгө милдеттүү.