97-берене. Мыйзам менен келишпестикке барган баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча ага карата чараларды колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›17-глава. Балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган, кылмыш жасагандыгын мойнуна алган, соттуулугу жок жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу программасына мурда катышпаган бала сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чараларды колдонуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга жатат.

2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала атайылап аткарбаган учурда, прокурор колдонулуучу чараларды өзгөртүүгө, келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартууга же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгарууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)