89-берене. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонбоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ›15-глава. Жазадан жана аны өтөөдөн бошотуунун башка түрлөрү. Жазаны жеңилдетүү жана аны жеңилирээги менен алмаштыруу

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 89-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу төмөнкү соттолгон адамга колдонулбайт:

1) баланын же майыптын өмүрүнө же жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратылганга;

11) баланын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар үчүн;

2) кыйноолор үчүн;

3) тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштары, ошондой эле аскер кылмыштары үчүн;

4) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн;

41) кылмыштардын рецидивинде кылмыш жасагандыгы үчүн;

5) террордук актыны жасагандыгы же экстремисттик уюм түзгөндүгү үчүн;

51) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо үчүн;

6) коомдук коопсуздукка, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар үчүн.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2025-жылдын 19-февралындагы № 42, 2025-жылдын 19-майындагы № 97, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)