84-берене. Пробациялык көзөмөлдүн укуктук кесепеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IV БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ›14-глава. Пробациялык көзөмөл
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 84-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Көзөмөлдүк талаптарды жана жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарган жана жаңы кылмышты жасабаган соттолгон адам пробациялык мөөнөтү өткөндөн кийин жазаны өтөдү деп эсептелет.
2. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он күндүн ичинде пробация органына эч себепсиз келбесе, көзөмөл талаптарын жана пробациялык милдеттерди эки же андан көп жолу бузса, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
3. Соттолгон адам пробациялык мөөнөттүн ичинде жаңы кылмыш жасаса, сот ага ушул Кодекстин 78-беренесине ылайык пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарат жана жаза дайындайт.
4. Эгер пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү жарымынан өткөнгө чейин соттолгон адам пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниеттүүлүк менен аткарса, оңолуунун жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжаларына жетишсе, кылмыш тарабынан келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурса, сот пробация органынын сунушу боюнча пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгара алат.