71-берене. Материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык залалды компенсациялоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IV БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ›12-глава. Кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 71-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык залалды компенсациялоо, ушул Кодексте көрсөтүлгөн негиздер боюнча, адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же болбосо жазадан бошотулгандыгына карабастан, сот тарабынан колдонулат.
11. Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алганда материалдык зыяндын ордун толтуруу катары сот тарабынан төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:
1) өзүм билемдик менен ээлеп алынган жер участогун кайтарып берүүнү камсыз кылуу жана өзүм билемдик менен ээлеп алуунун кесепеттерин жоюу боюнча;
2) жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыз абалга келтирүүнүн кесепеттерин жоюу боюнча.
2. Моралдык залалды компенсациялоодо сот акчалай компенсацияны белгилейт. Компенсация моралдык залалдын оордугунун даражасына жараша дайындалат.
3. Ушул берененин жоболорун колдонууда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.
(КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 133, 2023-жылдын 14-июлундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)