Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ›11-глава. Кылмыш үчүн жаза жана анын максаттары. Кылмыш үчүн жазалардын түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Айып - ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте сот тарабынан акчалай түрдө дайындалуучу жаза.

2. Айыпкердин, соттолгон адамдын мүлктүк абалын эске алуу менен жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жараша айып белгиленет.

3. Айып, ушул Кодекстин 225, 238, 239-беренелеринде, 240-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө, 242-1-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасоону кошпогондо, эсептик көрсөткүч менен эсептелет жана 200дөн 2000ге чейинки өлчөмүндө белгиленет

4. Айып ушул Кодекстин 225, 238, 239-беренелеринде, 240-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө, 242-1-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 3000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмдө белгиленет.

5. Соттолгон адам соттун өкүмү, башка соттук акт мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып үч ай ичинде айыпты ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн учурда, мажбурлап аткаруу органы өкүмдү, башка соттук актыны чыгарган сотко ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн адам күнөөлүү деп табылган тиешелүү беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде, айыпты эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет. Эгерде адам күнөөлүү деп таанылган берененин санкциясында эркиндигинен ажыратуу каралбаса, адам ушул Кодекстин 370-беренесинин негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы № 114, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)