55-берене. Жосунду кылмыш эмес деп тааныганына байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ›10-глава. Кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо мүнөзүнө ээ эмес чаралары

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 55-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Жосун кылмыш эмес деп таанылган учурда, башкача айтканда ушул Кодексте каралган жосунду кылмыш жазасынан алып салган мыйзам күчүнө киргенде, адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен токтоосуз бошотулат.