52-берене. Атайын тапшырманы аткаруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ БОЛУП САНАЛБАГАН ЖОСУНДАР›8-глава. Жосундун кылмыш-жаза укукка каршылыгын жокко чыгаруучу жагдайлар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 52-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Уюшкан топко же болбосо кылмыштуу коомдоштукка катышып, алардын кылмыштуу ишин алдын алуу же бетин ачуу максатында атайын тапшырманы аткарган адам тарабынан укук менен корголуучу кызыкчылыктарга аргасыздан залал келтирсе кылмыш болуп саналбайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам уюшкан топтун, же болбосо кылмыштуу коомдоштуктун курамында адамдын өлүмүнө, оор залалга алып келген оор же өзгөчө оор кылмышты атайылап жасагандыгы үчүн гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурда сот өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасын дайындай албайт. Мындай адамга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ушул кылмыш үчүн мыйзамда каралган эркиндигинен ажыратуунун жогорку мөөнөтүнүн жарымынан көп мөөнөтү дайындалышы мүмкүн эмес.