50-берене. Мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызматы боюнча милдеттерди аткаруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ БОЛУП САНАЛБАГАН ЖОСУНДАР›8-глава. Жосундун кылмыш-жаза укукка каршылыгын жокко чыгаруучу жагдайлар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 50-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Адам мыйзамды, буйрукту (тескемени), ошого тете кызматында каралган милдеттерди мыйзамдуу аткаруу учурунда келтирген залалы кылмыш болуп эсептелбейт.

2. Кылмыштуу буйрукту (тескемени) аткаруу үчүн кылмыш жасаган адам жалпы негиздерде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

3. Адам өзүнө мыйзамсыз жүктөлгөн буйрукту (тескемени) же кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы же болбосо бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.

Эскертүү. Кызматы боюнча милдеттерди аткаруу деп кызмат адамынын кызматтык нускама, локалдык ченемдик актылар же башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталган эмгектик функциянын алкагында аракеттерди аткаруусу түшүнүлөт.

Кызмат адамы кызмат орду боюнча милдеттерин аткаргандыгы, ошондой эле ага кызмат орду боюнча жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш эмес, буга өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды алуу максатында жасалган, ушул Кодекстин 336-347-беренелеринде каралган жосундар кирбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)