414-берене. Согуш аракеттеринин убагында кылмыштуу аракетсиздик же болбосо кылмыштуу буйрук берүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›51-глава. Аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 414-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Согуш аракеттеринин убагында начальниктин же башка кызмат адамынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде баш ийген адамдар тарабынан жасалган ушул Кодекстин 410-413-беренелеринде каралган кылмыштарды даярдоосун эскертүү же тыюу салуучу мүмкүн болгон чараларды көрбөө, -
он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Согуш аракеттеринин учурунда начальниктин же башка кызмат адамынын өзүнө баш ийген адамдарга билип туруп эч кимди тирүү калтырбоо буйругун же ушул Кодекстин 410, 411, 413-беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого багытталган тескемени берүүсү, -
он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.