412-берене. Мародерлук


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›51-глава. Аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 412-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Мародерлук, башкача айтканда согуш аракеттеринин, жаратылыш, техногендик, авиа, темир жол кырсыктарынын жана алааматтардын башка түрлөрүнүн, өзгөчө кырдаалдардын же массалык башаламандыктын учурунда буюмдарды уурдоо, анын ичинде каза болгондорго же жарадарларга таандык болгон буюмдарды ээлөө максатында уурдоо, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.