408-берене. Эл аралык коргоону пайдаланган жактарга же мекемелерге кол салуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›50-глава. Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 408-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Эл аралык коргоодон пайдаланган чет өлкөлүк мамлекеттин өкүлүнө же эл аралык уюмдун кызматкерине, алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошого тете эл аралык коргоодон пайдаланган адамдын кызматтык же турак жайына, же болбосо транспорт каражатына кол салуу, -

беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат,