397-берене. Аскердик мүлктү жок кылуу же бузуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›49-глава. Аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонун тартибине каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 397-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Куралды, ок-дарыларды, аскер техникасынын буюмдарын же башка аскер мүлкүн жок кылуу же бузуу, -
тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кармоого же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган аракеттер согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ага тете согуштук шарттарда же өзгөчө абалда жасалса, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.