391-берене. Аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан оорулуумун деп түр көрсөтүү менен же башка ыкма менен баш тартуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›48-глава. Баш ийүүнүн жана аскердик ар-намысты сактоонун тартибине каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 391-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан оорулуумун деп түр көрсөтүү менен же өзүнө кандайдыр бир зыян келтирүү (дене мүчөсүн кесүү), документтердин жасалмасын жасоо же башка алдоо жолу менен аскер кызматын өтөөдөн качуу, -
тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейин кармоого же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.
2. Ошол эле жосундар согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуштук шарттарда же өзгөчө абалда жасалса, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.