385-берене. Аскерге чакыруу жана чогулуу (сабактар) иш-чараларынан качуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›47-глава. Чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн кылмыштары
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 385-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Резервдегинин жана аскерге милдеттүүнүн чогулууга келүүдөн, аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан качышы, анын ичинде ооруп калгандай түр көрсөтүү, өзүнүн денесине атайылап зыян келтирүү (мүчөсүнө зыян келтирүү) же документтерди жасалмалоо же башка алдоо жолу менен качуу, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же болбосо жүздөн уч жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартууга жазаланат.
2. Согуш мезгилинде мобилизациялоо боюнча аскердик чакыруу иш-чараларынан же согуш мезгилинде аскерге чакыруу иш-чараларынан качуу, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.