373-берене. Сот аткаруучусун, жеке сот аткаруучусун коркутуу же ага карата зомбулук кылуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›45-глава. Сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 373-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Аткаруу документтерин аткаруу боюнча сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун ишине байланыштуу сот аткаруучусуна, же болбосо анын жубайына, жакын туугандарына карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирбеген шантаж кылуу же зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)