371-1-берене. Жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адамга мобилдик жана башка байланыш каражаттарын берүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›45-глава. Сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 371-1-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 446-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузууну мурда жасаган адам тарабынан маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу мобилдик жана башка байланыш каражаттарын жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адамга кандай болбосун ыкма менен берүү же болбосо берүүгө аракет кылуу -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмдө айып салууга же болбосо элүү сааттан эки жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 249 Мыйзамынын редакциясына ылайык)