37-берене. Кылмыш жасоого аракеттенүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ›6-глава. Аяктаган жана аяктай элек кылмыш (кылмыш жасоонун стадиялары)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде каралган кылмышты жасоого түздөн-түз багытталган, түз кара ниетте адам тарабынан жасалган жосун (аракет же аракетсиздик), эгерде кылмыш адамдын эркине көз каранды болбогон себептер боюнча аягына чыгарылбаса, кылмыш жасоого аракеттенүү деп таанылат.

2. Кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги аяктаган кылмыш үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин тиешелүү беренесинде ушул беренеге таянуу менен аныкталат.