361-берене. Далилдерди бурмалоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›44-глава. Далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Ишке катышуучу адамдын же анын өкүлүнүн жарандык иш боюнча далилдерди бурмалоосу, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштерине же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ыкчам издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын кызматкери тарабынан атайын тергөө аракеттерин, алардын протоколдорун же алардын тиркемелерин бурмалоо, же болбосо кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам, кылмыш-жаза процессуалдык аракеттерге катышуучу прокурор, адис же адвокат тарабынан далилдерди бурмалоо, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.