359-берене. Кылмыш жасады деп мыйзамсыз айыптоо
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›44-глава. Далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Кылмыш жасады деп билип туруп тергөөчү же прокурор чыгарган мыйзамсыз айыптоо, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деп айыптоо менен бириктирилген ошол эле жосун,-
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.