357-берене. Кылмыш-жаза процессинин катышуучуларын паралап сатып алуу
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›44-глава. Далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 357-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
Жалган көрсөтмө берүү максатында жабырлануучуну, күбөнү, же жалган корутунду берүү үчүн экспертти, адисти, ага тете эле туура эмес котормо жасоо максатында котормочуну паралап сатып алуу, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук ишке тартуу менен жазаланат.