34-берене. Уланып жаткан кылмыш


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ›6-глава. Аяктаган жана аяктай элек кылмыш (кылмыш жасоонун стадиялары)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 34-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Ушул Кодекстин беренелеринин биринде (берененин бөлүктөрүнүн биринде) каралган, бирдей ниет менен атайылап жасалган эки же андан көп окшош жосундарды камтыган кылмыш уланып жаткан кылмыш болуп эсептелет.

2. Уланып жаткан кылмыш акыркы жосун жасалган учурдан тартып аякталган болуп саналат.