338-1-берене. Мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук кылуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›42-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-1-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Жеке ишкерди же юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз баш тартуу же болбосо аларды каттоодон качуу, белгилүү бир ишти жүзөгө ашырууга атайын уруксат (лицензия) берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу же болбосо аны берүүдөн качуу, жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамсыз чектөө же болбосо уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине башка мыйзамсыз кийлигишүү, эгерде бул жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу залал келтирүү менен жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүлөр тарабынан жасалган ошол эле жосун:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -
мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-июлундагы № 133, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)