336-берене. Коррупция
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›42-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Коррупция - материалдык, ар кандай башка байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул байлыктарды жана артыкчылыктарды берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым жактар же топтор менен укукка жат туруктуу байланыш түзүшүндө турган атайлап жасалган аракеттер, -
мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол эле жосун, -
мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)