333-берене. Мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›41-глава. Конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 333-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Мамлекеттик чыккынчылыктын же тыңчылыктын белгилери болбогондо, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын ушул маалыматтар ишенип берилген же кызматы же иши боюнча белгилүү болуп калган адам тарабынан ачыкка чыгуусу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.