32-берене. Күнөөсүз залал келтирүү (кокустук)


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ›5-глава. Күнөө

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 32-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Эгерде адам өз аракетинин же аракетсиздигинин мүнөзүн жана маанисин түшүнбөсө, залал келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала көрө билбесе жана иштин жагдайы боюнча андай болбоого тийиш болсо жана (же) аны алдын ала көрө албаса залал күнөөсүз келтирилген (кокустук) болуп эсептелет.