298-берене. Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›38-глава. Экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 298-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген өнөр жай, чарбалык, илимий жана башка объекттерди долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, пайдаланууга киргизүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоого жооптуу болгон адамдар тарабынан ал эрежелерди атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -
эки жылга чейинки мөөнөттө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ушундай эле жосун, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.