291-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыган, рецепт менен берилүүчү дары каражаттарын алууга документти мыйзамсыз берүү же болбосо жасалма жасоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›36-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 291-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыган, рецепт менен берилүүчү дары каражаттарын алууга укук берүүчү рецептти же башка документти мыйзамсыз берүү же болбосо жасалмасын жасоо, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)