29-берене. Күнөө
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ›5-глава. Күнөө
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 29-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Адамдын өзү жасаган ушул Кодексте каралган жосунга (аракетке же аракетсиздикке) жана андан келип чыккан укукка жат кесепеттерге карата мамилеси күнөө болуп саналат. Кара ниеттик жана этиятсыздык күнөөнүн формалары болуп саналат.
2. Инсанга, коомго, мамлекетке жана адамзаттын коопсуздугуна зыян келтирүү, ошондой эле зыян келтирүү коркунучун түзүү зыяндуу кесепеттер болуп саналат.
3. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү беренеде (берененин бөлүгүндө) этиятсыздыктан залал келтирүү түздөн-түз көрсөтүлбөсө, анда атайылап залал келтиргендиги үчүн гана жоопкерчилик келип чыгат.