288-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду камтыган тирүү организмдерди мыйзамсыз жүгүртүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›36-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Бир же бир нече баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдерди ири өлчөмдө же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз иштеп чыгуу жана өстүрүү, -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул берененин максаттары үчүн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду камтыган тирүү организмдердин тизмелери жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)