286-берене. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›36-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Уурдоо же опузалап алуу жолу менен жасалган баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз алып коюу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) кызматтык абалына байланыштуу баңгизат каражаттары же психотроптук заттар ишенип берилген же кайтарууга берилген адамдар тарабынан жасалганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар ири өлчөмдө жасалганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) өзгөчө ири өлчөмдө;
2) уюшкан топ тарабынан;
3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)