277-берене. Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап алып коюу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›34-глава. Өнөр жайда, курулушта жана жогорку коркунучтагы булактарды пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукка каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап алып коюу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) кызматтык абалына байланыштуу радиоактивдүү материалдар ишенип берилген же кайтарууга берилген адам тарабынан;

4) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

5) уюшкан топ тарабынан;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.