257-берене. Барымтага алуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›33-глава. Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Барымтадагы адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (жактардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого же аны жасабоого мажбурлоо максатында адамды барымтага алуу же кармап туруу, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;
4) куралды же курал катары колдонулуучу башка буюмдарды колдонуу менен;
5) эки же андан көп адамга карата;
6) балага карата;
7) кош бойлуу аялга карата;
8) пайда көздөө менен же жалдануу менен, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар:
1) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген;
2) уюшкан топ тарабынан;
3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -
мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү адам барымтадагы адамды (барымтадагы адамдарды) ыктыярдуу бошотсо, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.