248-берене. Жеке сот аткаруучулар, жеке нотариустар, аудиторлор, эксперттер же баалоочулар ыйгарым укуктарын кыянаттык менен колдонуусу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›32-глава. Коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Жеке сот аткаруучулар, жеке нотариустар, аудиторлор, эксперттер же баалоочулар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын өз ишинин милдеттерине каршы жана өзү же башка жактар үчүн пайда көздөө же артыкчылык алуу же башка жактарга залал келтирүү максатында кыянаттык менен пайдалануусу, эгерде бул атайылап же этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун балага же аракетке жөндөмсүз адамга карата жасалса, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)